Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-майы № 180-б
Дивиденд төлөө жөнүндө "Центерра Голд Инк." канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин чечимине ылайык, ошондой эле бюджеттин туруктуулугун камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызалтын" ААКы) акционерлеринин жалпы чогулушунун кезексиз жыйынын өткөрсүн жана төмөнкү маселелерди чечсин:
- "Кыргызалтын" ААКы тарабынан "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясынын 2010-жыл үчүн төлөөгө жарыяланган дивиденддерин "Кыргызалтын" ААКынын эсебинен "Кыргызалтын" ААКынын ушул жана кийинки жылдарга өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча келечектеги дивиденддерин төлөгөндүгү катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын эсебине которуу жөнүндө, буга "Кыргызалтын" ААКынын өндүрүштүк ишин өнүктүрүүгө багытталган 30000000 сом, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясынан дивиденддерди алууга байланыштуу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөөгө тийиш болгон пайдага салыктын суммасы, ошондой эле дивиденддердин суммасын которууга байланыштуу конвертациялоодо пайда болгон курстук айырма кирбейт;
- "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясынан дивиденддерди алууга жана аларды аңдан ары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын эсебине которууга байланышкан ар кандай документтерге кол коюуга "Кыргызалтын" ААКынын башкармасынын төрагасына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |