Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-майы № 183-б
«Чолпон-Ата» эс алуу үйүнө жана «Ак-Толкун» пансионатына жолдомолордун толук жана жеңилдетилген наркынын ортосундагы айырманы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1318900 (бир миллион үч жүз он сергиз миң тогуз жүз) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери үчүн – 740000 (жети жүз кырк миң) сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорттук бирикмесинин, дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча департаментинин жана балдар мекемелеринин кызматкерлери үчүн – 478900 (төрт жүз жетимиш сегиз миң тогуз жүз) сом;
- «Чолпон-Ата» эс алуу үйүнө учурдагы ремонт жүргүзүү үчүн – 100 000 (жүз миң) сом.
Премьер-министр | А.Атамбаев |