Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 2-июну № 199-б
Калкты жалпы жарандык паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча милдеттерди чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "De La Rue International Limited" компаниясы менен түзгөн 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорттордун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун бланктарын жана MLIS(ТМ) пленкаларын жана 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (Teslin(ТМ) жана Ламинат) даярдоого жана жеткирүүгө контракттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына зарыл болгондо, Контрактка кол коюуда ага принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |