Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-июну № 203-б
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Сапарбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык комиссиянын терагасы;
Урустемов А.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын биринчи башкармалыгынын биринчи бөлүмүнүн начальниги;
Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги;
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин статс-катчысы;
Момошев К.М. - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун нефтегаз казуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Тотонов М.С. - Жалал-Абад мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгил үчүн "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишине текшерүү жүргүзсүн жана анын жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүлөргө укук берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматты сурап алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |