Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 8-июну № 209-б
1. "Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тиркелген Карыз - жеңилдетилген кредит келишими жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Карыз - жеңилдетилген кредит келишиминин долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |