Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-июну № 210-б
Улуу акылман, олуя, манасчы Өмүрзак уулу Кудайбергендин (Куйручуктун) туулган күнүнүн 145 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Муратбеков К.М. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Алымбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Аракеев А.А. - "Теңир-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагалар кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Асанканов А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору, тарых илимдеринин доктору;
Базаркулов М.Б. - Кыргыз Республикасынын эл мугалими (макулдашуу боюнча);
Бегалиев М.А. - композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Берикбаев Д.К. - "Теңир-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагалар кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Болотбеков Б.Б. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Дүйшеев Ш.Д. - Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);
Жоробекова Ш.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Касмамбетов Т.У. - Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким;
Ниязалиева Д.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редактору-директор (макулдашуу боюнча);
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Салымбеков А.М. - "Дордой" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Самаков К.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;
Шаршеналиев А.Ш. - юридика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |