Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-июну № 215-б
1. Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк Банк) менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү долбоору" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;
Төрөбеков Н.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Сакебаев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Беков Т.Н. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Казакбаев Р.А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Ибраимова Ч. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |