Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 9-июну № 216-б
Эл аралык талаптарга ылайык биометрикалык паспортторду, эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасын жана биометрикалык маалыматтарды колдонууну Кыргыз Республикасына киргизүү тууралуу маселени изилдөө үчүн:
1. Төмөнкү курамдагы ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин экинчи катчысы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук, мамлекеттик жана кадр кызматы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын аскердик каттоо башкармалыгынын начальниги.
2. Комиссия эл аралык талаптарга ылайык биометрикалык паспортторду, эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасын жана биометрикалык маалыматтарды колдонууну Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча сунуштарды алты айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссияга белгиленген тартипте төмөнкүдөй укук берилсин:
- эксперттер, консультанттар жана адистер тобун ишке тартууга;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алууга.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |