Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-июну № 220-б
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург жана коомдук ишмер Бексултан Жакиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Абдылдаев Н.Т. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Рысбаев Б.К. - Ысык-Көл облусунун Тон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Абдувалиев К.С. - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри;
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Жусупов К. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Шаршенбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сүйүндүков А.С. - Кыргыз Республикасынын Кинематографистер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Токтосартов А.Т. - эл аралык "Руханият" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Осмонов М. - "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;
Чынгышев Т.Ч. - "Ысык-Көл" коомдук фондунун аксакалдар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Урманаев С.И. - "Ысык-Көл" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Абдылдаев А.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |