Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-июну № 221-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 330-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Көрүнүктүү ырчы, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын эске алып, туулган күнүнүн 75 жылдыгына жана чыгармачылыгынын 55 жылдыгына байланыштуу:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Шакиев Н.Т - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Саламатов Т.С. - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Азыранкулов А.Ж. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор (макулдашуу боюнча);
Асанов Б.А. - Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким (макулдашуу боюнча);
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;
Осмонов М.О. - "Эркин тоо" гезитинин башкы редактору;
Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Боромбаев Р.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборунун башкы директору;
Исаков К.И. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 330-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |