Редакцияот 19.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 19-апрели № 119-б

«Жалал-Абад шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо» жана «Ош шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорлору боюнча Бишкек шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Мамбетжанов М.Т.

 

- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;

 

Ниязалиева Д.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Кадыров Б.С.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Ташбаев У.А.

 

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;

 

Жумабеков С.А.

 

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

 

Мырзакматов М.Ж.

 

- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

 

Жээнбеков М.Б.

 

- Жалал-Абад шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

 

Байгончоков М.К.

 

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Ибраимова Ч.И.

 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;

 

Карабаева М.Э.

 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин экинчи катчысы;

 

Жолчиев А.

 

- «Жалал-Абадсууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын директору (макулдашуу боюнча);

 

Кокочоров Д.

 

- «Ошсууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын директору (макулдашуу боюнча).

 

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев