Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-апрели № 127-б
«Тараз-Талас-Суусамыр», II фаза, 52-73 км автожолун реабилитациялоо долбоорун өз убагында бүткөрүү максатында, «Султан» каналындагы сугат түтүгүнүн абалын баалоо жана ушул түтүктөрдү реконструкциялоо максатына ылайык:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мамаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү
| |
Сейдибалиев Б.Р. | - Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Таштаналиев К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин Талас суу чарба бассейни башкармалыгынын начальниги;
|
Жумалиев Н.О. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору;
|
Дүйшөнов К. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин № 5 автожолдор өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын начальниги;
|
Алибегашвили Л.М. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Ибрагим Тактак | - «Галф-Спектрум Инженеринг консалтантс Л.Л.С» консультациялык компаниясынын туруктуу инженери (макулдашуу боюнча);
|
Сатылмыш Ортакжы | - «Каяоглу-Ерташ» жоопкерчилиги чектелген коомунун долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө жерине баруу менен «Султан» каналынын сугат түтүктөрүнүн абалын, ушул түтүктөрдү реабилитациялоонун максатка ылайыктуулугун иликтесин, иштин наркын аныктасын, ошондой эле тийиштүү корутунду даярдасын жана Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |