Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-июлундагы № 353-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-апрели № 128-б
Эл аралык валюта фонду жана донорлор менен иштөө боюнча сүйлөшүүлөр тобун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 123-пунктун аткаруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда сүйлөшүүлөр тобу түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Сүйлөшүүлөр тобу билдирилген донордук жардамдарды алуу процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасына жардамдар программасы боюнча Эл аралык валюта фонду жана донорлор менен иштөөнү 2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө улантсын.
3. Сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисине зарыл учурда иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик, комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун эксперттерин, жана көз карандысыз эксперттерди тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |