Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-июлундагы № 353-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-апрели № 129-б
1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын (мындан ары - Орто мөөнөттүү программа) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ташбаев У.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
|
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Шайдиева Д.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
|
Табылдиев Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин статс-катчысы;
|
Абдрашев А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
|
Мамаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
|
Сүйүмбаева П.У. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Жекшенов Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Дүйшеев Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы;
|
Баетов Б.И. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин статс-катчысы;
|
Досалиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин статс-катчысы;
|
Алымбеков Б.М. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
|
Султанов Ш.Г. | - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
|
Мамидинова Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
|
Эшназаров Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс-катчысы;
|
Бектеналиев М.А. | - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
|
Боронов К.А. | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
|
Кемелова Д.А. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Примов А.А. | - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
|
Байжуманов Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Малабеков З.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
|
Токтоналиев А.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы;
|
Чынгожоев А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
|
Молдошева Д.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Султанбеков Д.А. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
|
Чокоев З.Л. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Болотбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Бекташов Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин орун басары;
|
Шамшиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
|
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
|
Жакыпов К.А. | - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Тургуналиев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Ботоев А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Сардарбеков С. | - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Махаммадов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
|
Асаналиев М. | - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Жунушалиев Т.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Сабиров Т.Н. | - Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
|
Исмаилов М.А. | - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги:
- Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;
- 2011 -жылдын 15-июлуна чейин белгиленген тартипте ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Орто мөөнөттүү программанын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы:
- Орто мөөнөттүү программанын долбоорун, Орто мөөнөттүү программанын түзүмүн жана тиркемелеринин форматын иштеп чыгуу графигин, ошондой эле Орто мөөнөттүү программанын бөлүмдөрүн даярдоого карата стандарттуу талаптарды даярдасын;
- жарандык сектордун жана донордук коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Орто мөөнөттүү программанын долбоорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындыгын камсыздасын;
- эл аралык донор уюмдардын колдоосунда бул ишке көз карандысыз улуттук эксперттерди тартсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын (төрагасынын орун басарынын) суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине Орто мөөнөттүү программанын долбоорун түзүү үчүн материалдардын сапаттуу даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |