Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-апрели № 131-б
Көрүнүктүү кыргыз акыны жана драматургу Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Алымбаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Арстанбеков С.Ч. | - Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы;
|
Асанов Б.Ж. | - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор
|
Бөкөнбаев К.Ж. | - Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу (макулдашуу боюнча);
|
Жоробекова Ш.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри;
|
Орунбеков Б.О. | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Осмонов М.О. | - «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Рыспаев Б.К. | - Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы;
|
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Саламатов Т.С. | - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
|
Слащева Т.М. | - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору - башкы редактор. |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен ишке тартылган министрликтердин, ведомстволордун каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 25-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |