Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-апрели № 132-б
Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын реструктуралаштыруу боюнча маселелерди карап чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары:;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын реструктуралаштыруу боюнча механизмдерди иштеп чыксын жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун методикалык, уюштуруучулук камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун иштерин камсыздоо үчүн финансылык ресурстар зарыл болгон учурда эл аралык уюмдарды тартсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |