Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-апрели № 141-б
Азия өнүктүрүү банкынын "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү - Кошумча" жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Айылды суу менен жабдуунун жана санитариянын экинчи долбоору" долбоорлорун башкарууну оптималдаштыруу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети үч жумалык мөөнөттө документтерди берсин жана Азия өнүктүрүү банкынын "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү - Кошумча" жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Айылды суу менен жабдуунун жана санитариянын экинчи долбоору" ишке ашырылуучу долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин карамагына которууну ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жетишилген макулдашууларды тариздөө боюнча тийиштүү жол-жоболорду андан ары жүргүзүү менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган маселелерди чечүү боюнча тийиштүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер – министри | А.Атамбаев |