Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-апрели № 143-б
Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн офисинде 2011-жылдын 27-апрелинде саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоорун экинчи кошумча каржылоого карата каржылоо жөнүндо макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоорун экинчи кошумча каржылоого карата каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн расмий делегация төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Ниязалиева Д.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Сабиров М.Э. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Рыскулова А.М. | - Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;
|
Ташбаев У.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
|
Сүйүмбаева П.У. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Дүйшеев А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык укуктук департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу;
|
Карабаева М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин экинчи катчысы;
|
Абарбекова А.М. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын начальниги;
|
Ибраимова Ч. | - Кыргыз Ресиубликасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлордо пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.
|
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Ресиубликасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |