Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-апрели № 145-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 29-апрелинде болуучу «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоорун кошумча каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын башчысы;
|
Исаков И.И. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Төрөбеков Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Бербаева Ч.О. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Ибраимова Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
|
Изаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
|
Жолчиев Б.Д. | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
|
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |