Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-апрели № 148-б
Кыргызстанда турак жай курууга жана модернизациялоого берилүүчү (ипотекалык) кредиттерди рефинансылоо жолу менен калкты турак жай менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында:
1. «Турак жай куруу үчүн кредиттик линия» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги («Заем алуучу») менен Франкфурт-на-Майне (КFW), КFWнын ортосундагы 8 000000,00 евро суммасында кредиттик жана финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |