Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-марты № 54-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 114-б буйругунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шашылыш жардам көрсөтүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
төмөнкүлөргө бюджеттик ссуда берсин:
"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна "6 428 417,5 (алты миллион төрт жүз жыйырма сегиз миң төрт жүз он жети доллар элүү цент) АКШ доллары" өлчөмүндө;
"Ош электр" ачык акционердик коомуна "7 823 721,67 (жети миллион сегиз жүз жыйырма уч миц жети жүз жыйырма бир доллар алтымыш жети цент) АКШ доллары"өлчөмүндө;
"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомуна "5 589 508,67 (беш миллион беш жүз сексен тогуз миц беш жүз сегиз доллар алтымыш жети цент) АКШ доллары"олчөмүндө;
"Түндүк электр" ачык акционердик коомуна "3 167 628,74 (үч миллион жүз алтымыш жети миң алты жуз жыйырма сегиз доллар жетимиш терт цент) АКШ доллары" өлчөмүндө;
"Чыгыш электр" ачык акционердик коомуна "2 508 349,19 (эки миллион беш жуз сегиз миң үч жүз кырк тогуз доллар он тогуз цент) АКШ доллары" өлчөмүндө;
"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомуна "3 516 338,4 (үч миллион беш жүз он алты миң үч жүз отуз сегиз доллар кырк цент) АКШ доллары" өлчөмүндө;
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна 1 889 938 (бир миллион сегиз жүз сексен тогуз миң тогуз жүз отуз сегиз) АКШ доллары өлчөмүндө; «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2 394 955,37 (эки миллион үч жүз токсон терт мин тогуз жүз элүү беш доллар отуз жети цент) АКШ доллары өлчөмүндө;»;
- төмөнкүдөй шарттарда берсин:
бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү - 20 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мезгилди берүү менен;
бюджеттик ссуданы пайдалангандыгы үчүн проценттик ставкасы - жылына 2,5 процент;
тындыруунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 10-июнда жана 10-декабрда;
төлөм кечиктирилген учурда айып санкциялары - мөөнөтү өткөн карыз үчүн жылына 8 процент;
- милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо менен бюджеттик ссуданы кайтаруу боюнча карыз милдеттенмелерин жогоруда аталган ачык
акционердик коомдор менен белгиленген тартипте түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына "2 881 200,01 (эки миллион сегиз жүз сексен бир миң эки жүз доллар бир цент) АКШ доллары" өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төмөнкүдөй шарттарда берсин:
бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү - 20 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мезгилди берүү менен;
бюджеттик ссуданы пайдалангандыгы үчүн проценттик ставкасы - жылына 1,5 процент;
тындыруунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 10-июнда жана 10-декабрда;
төлөм кечиктирилген учурда айып санкциялары - мөөнөтү өткөн карыз үчүн жылына 8 процент;
- бюджеттик ссуданы кайтаруу боюнча карыз милдеттенмесин Кыргыз Республикасынын Энергетика жана онор жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы менен белгиленген тартипте түзсүн.
«- бюджеттик ссуданын суммасы езгөргөндө белгиленген тартипте жогоруда аталган юридикалык жактар менен карыздык милдеттенмелерге карата кошумча макулдашууну түзсүн.»;
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 114-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
Кыргыз Республикасынын "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду"менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин ишканаларын туруктуу негизде контролдоону төмөнкүлөр боюнча жүргүзсүн:
алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы;
карыз милдеттенмеси боюнча тындыруу графигине ылайык эсептелген проценттери менен бюджеттик ссуданын кайтарылышы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин ишканаларынын республикалык бюджетке болгон мөөнөтү өткөн карызы жөнүндө маселени белгиленген тартипте жөнгө салсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 114-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу"бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 114-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер – министр | А.Атамбаев |