Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-июнундагы № 251-б
2011-жылдын 27-29-июнунда Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 50-жыйынына, КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөгө жана россия тарап менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Ибраимова Чолпон Ибраимовна
| - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү, делегациянын башчысы, |
Касымалиев Адылбек Алешович*
| - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, |
Досалиев Нурлан Турсуниязович*
| - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин статс-катчынын милдетин аткаруучу, |
Кожошев Арзыбек Орозбекович*
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, |
Касейинов Кубат Үсөнкулович*
| - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, |
Усупов Үсөн Макаевич
| - ЕврАзЭСтин алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү, |
Тургуналиев Анарбек Жумалиевич*
| - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, |
Умарбеков Абдурашид*
| - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич*
| - Бишкек шаарынын мэриясынын Аппарат жетекчиси, |
Аракеев Асеин Абдраманович*
| - «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасынын директору, |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, |
Кадыркулов Мукай Асанович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси, |
Бийбосунов Руслан Мэлсович
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору, |
Рахманова Анаркан Рахмановна*
| - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин соода башкармалыгынын начальниги, |
Абдырахманов Сайитбек Кутбаевич* | - Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын туризм жана ишкердикти колдоо секторунун башчысы. |
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Ибраимова Чолпон Ибраимовнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 50-жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
* - 2011-жылдын 27-июнунан, 3-июлуна чейин командировкага жиберилет.
Премьер – министри | А.Атамбаев |