Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июнундагы № 256-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Топчубек Тургуналиевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Бекназаров А.А. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Асанов Б. | - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор;
|
Абдрахманов Т. | - И. Арабаева атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахман уулу Шайырбек | - Кыргыз Республикасынын «ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү» телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Алымбаев А.М | - жазуучу, тарыхчы (макулдашуу боюнча);
|
Жээнбеков С.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор;
|
Исаков И. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Керексизов Т. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Мамытов Т. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
МүлкүбатовТ. | - «Кыргыз эл» коомдук бирикмесинин башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Момунтаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Өмүрбеков К. | - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Орунбеков Б.О. | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Султанбаева А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
|
Садыр уулу Жумагазы | - «Ашар» коомдук бирикмесинин башчысы (макулдашуу боюнча); |
Токтогазиев Т. | - «Манас жаңырыгы» телерадиокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |