Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-июлу № 264-б
Ведомстволор аралык документ жүргүзүүнүн электрондук системасын киргизүү механизмдерин аныктоо максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кайназаров Руслан Жумабекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Давлетов Элдар Кадырбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн «электрондук өкмөт» системасын киргизүү секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Эшалиев Таалайбек Мамырбаевич | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Жунусов Болот Төлөгөнович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орунбасары;
|
Амерканов Кайрат Аскарович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн «электрондук өкмөт» системасын киргизүү секторунун эксперти;
|
Карагулов Аманат Нурдинович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
|
Жакыпов Кылычбек Жумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Абдраев Бектур Асымбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Исаков Нурлан Мырзабекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтык системалар бөлүмүнүн башчысы;
|
Шаикова Алина Кавылбековна | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Исабаев Алик Керимбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын «Коомдук - маалыматтык борборунун» директору (макулдашуу боюнча);
|
Бакенов Алмаз Сатыбалдиевич | - Улуттук маалыматтык технологиялар борборунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Абакиров Азис Жумабекович | - Кыргыз ойлоп табуучулар жана кызмат көрсөтүүлөрүн программалык камсыздоо ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө ведомстволор аралык документ жүргүзүүнүн электрондук системасын киргизүү механизмдерин аныктасын, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |