Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-июлу № 266-б
Жылкы чарбасын жана ат спортунун түрлөрүн андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын көтөрүүчү жогорку спорттук натыйжаларга жетүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасында жылкы чарбасын жана ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Бабанов Ө.Т. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун төрагасы;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
КыдыралиевУ.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Султанбекова Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар саясаты жана дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Сакебаев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Беков Т.Н. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
|
Борбиев Б.И. | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
|
Султанов Ш.Г. | - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
|
Рысалиев З.К. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
|
Дүйшөбаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
|
Азыранкулов А.Ж. | - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Абдылдаев Н.Т. | - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Муратбеков К.К. | - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Жээнбеков С.Ш. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Асанов Б.Ж | - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Бурканов А.О. | - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Курманалиева К.А. | - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Юлдашев А.К. | - ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Мамытов С.К. | - Ат спорту жана азыркы беш таймаш боюнча олимпиялык резервдин республикалык адистештирилген мектебинин директору;
|
Мамыров Н.У. | - Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
|
Жогина И.А. | - Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын башкы катчысы (макулдашуу боюнча);
|
Салымбеков А.М. | - Кыргыз Республикасынын «Көк-бөрү» федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
Дүйшекеев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын «Көк-бөрү» федерациясынын башкы катчысы (макулдашуу боюнча);
|
Токтогазиев С.К. | - Талас облустук «Көк-бөрү» федерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
|
ЭргешоваА.А. | - «Аргымак» ат спортунун улуттук түрлөрүнүн республикалык федерациясы» коомдук бирикмесинин башкы катчысы (макулдашуу боюнча);
|
Жуманалиев А. | - тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун бөлүм башчысы. |
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жылкы чарбасын жана ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруу жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |