Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-июлу № 278-б
Баткен облусунун Баткен шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо максатында:
1. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына Баткен шаарынын шаар ичиндеги жолдорун реабилитациялоо үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен консультациялык, курулуш кызмат көрсөтүүлөрүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга уруксат берилсин, бул учурда үчтөн кем эмес потенциалдуу подрядчынын коммерциялык сунуштарын иликтесин жана салыштырсын.
2. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы жүргүзүлгөн сатып алуулардын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |