Редакцияот 18.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 18-июлу № 284-б

Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү, издөө-куткаруу иштерин сапаттуу уюштуруу жана жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2011-жьшга бекитилген чыгымдар сметасынын чегинде 2215 "Башка кызматтарды сатып алуу" беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жалпы суммасы 22500 (жыйырма эки миллион беш жүз) миң сомго зарыл болгон куткаруучу жана суучулдардын шаймандарын, жекече коргонуу каражаттарын жана жабдууларын сатып алууга, наркы 4 (төрт) миллион сом болгон жаңы имарат курууга жана наркы 1 (бир) миллион сомго имараттарга капиталдык ремонт жасоого уруксат берилсин.

2. Куткаруучу жана суучулдардын шаймандарын, жекече коргонуу каражаттарын жана жабдууларын сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2215 «Башка кызматтарды сатып алуу» беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин каржылоону белгиленген тартипте өз учурунда ишке ашырсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев