КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-июлу № 295-б
2007-жылдын 29-августундагы Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору (Грант Н312-KG) боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы жетишилген келишимге байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2007-жылдын 29-августундагы Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору (Грант Н312-KG) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-Каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине 2007-жылдын 29-августундагы Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору (Грант Н312-KG) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-Каттын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |