Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-июлу № 297-б
Япониянын Токио шаарында 2011-жылдын 28-июлу-4-августунда болуучу Азиянын өнүгүп келе жаткан базарларынын форумуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович
| - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегация башчысы;
|
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Новиков Артем Эдуардович | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси. |
2. Командировка чыгымдарын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда каралган ченемдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |