Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 301-б
Эл акыны, драматург Кубанычбек Маликовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:
Жунусов И.К.
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Шакиев Н.Т.
| - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Азыранкулов А.Ж.
| - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Абыкеев Ч.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Бакашева Ж.К.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;
|
Маликов К.К.
| - «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Өмүркулов И.Ш.
| - Бишкек шаарынын мэри;
|
Орунбеков Б.О.
| - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкыредактор;
|
Оторбаев К.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Раев С.А.
| - Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору;
|
Садыков К.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри,
|
Сакебаев А.А.
| - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу аким;
|
Султанбаева А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
|
Слащева Т.М.
| - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору башкы редактор;
|
Эралиев С. | - Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар гранттардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |