КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 304-б
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын калкынын арасында "Манас" эпосун кеңири жайылтуу максатында:
2. Бексултан Жакиевдин "Манас - кыргыздардын баатырдык эпосу" китебин кайра басып чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунан 1000000 (бир миллион) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бөлүнүп берилсин.
2. Китепти кайра басып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |