Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-июлу № 309-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ыкчам башкаруу укугу менен белгиленген тартипте:
- Чүй облусунун Кемин районундагы автомобиль жолдорунун төмөнкү участогун балансына кабыл алсын:
Орловка-Быстровка - узундугу 6,0 км;
Орловка-Жаңы-Алыш - узундугу 6,1 км;
- учурдагы жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана алардын чегинде баланска алынган автомобиль жол участокторун ремонттоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |