Редакцияот 27.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 27-июлу № 311-б

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн гүл композицияларын өз учурунда сатып алуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "№ 1 мамлекеттик резиденция", "№ 2 мамлекеттик резиденция" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясы" мамлекеттик мекемелерине тендер өткөрбөстөн бир булактан алуу ыкмасы менен гүл композицияларын сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "№ 1 мамлекеттик резиденция", "№ 2 мамлекеттик резиденция" жана "Кыргыз Республикасынын Түштүк резиденциясы" мамлекеттик мекемелери квартал сайын сатып алынгандар жөнүндө маалымат жана отчет үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берип турушсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев