Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-июну № 313-б
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, жумушчу топтун төрагасы;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун иштеп чыксын жана 2011-жылдын 20-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберсин.
3. Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун иштеп чыгуу процессине катышууга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |