Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 318-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 19-б, 2012-жылдын 27-мартындагы № 109-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын жайгаштырууну оптималдаштыруу, анын сандык-сапаттык сакталуусун камсыз кылуу, ички базарлардагы нан азыктарына болгон бааны турукташтыруу, ошондой эле "Дан" мамлекеттик ишканасын колдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2007-2008-жылдардын түшүмүнөн 11,85 миң тонна азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгарсын жана "Дан" мамлекеттик ишканасынын, "Алтын Дан" ачык акционердик коомунун жана Баткен облусунун Кызыл Кыя шаарында жайгашкан "Дан" акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарында ун кылып тартсын;
- өндүрүлгөн унду республиканын ички базарларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ведомстволук түзүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген баа менен сатсын же I жана II сорттогу алынган унду мамлекеттик резервге коюу үчүн 2011-жылдын түшүмүнүн 3-класстан кем эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес, айылдык товар өндүрүүчүлөр менен жооптуу сактоочулардын ортосундагы салыштыруу актысына ылайык биринчи сорттогу ун үчүн 1:1,4 жана экинчи сорттогу ун үчүн 1:1,1 катышындагы азык-түлүк буудай данына алмаштырсын;
- өндүрүлгөн ундун таркатылбаган өлчөмү жетүүгө кыйын жана алыскы региондордо жашаган, аз камсыз болгон жана абдан муктаж болгон үй-бүлөлөргө кайратымсыз мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жумшалсын;
- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренесине ылайык ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алсын;
- унду сатуудан түшкөн акча каражаты республикалык бюджетке которулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 19-б, 2012-жылдын 27-мартындагы № 109-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мамлекеттик резервден брондон чыгарылган дандын өздүк наркынын деңгээлинде мүшөк таранын баасын жана унду сатылуучу жерге жеткирген транспорттук кызматты эсепке алуу менен сатылуучу унга бааны белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги "Көз карандысыз нан инспекциясы" ачык акционердик коому менен бирге мамлекеттик резервден брондон чыгарылган буудайдан тартылуучу ундун сапатын контролдоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын ташууга байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна акча каражатын бөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 318-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 19-б, 2012-жылдын 27-мартындагы № 109-б, 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын жайгаштырууну оптималдаштыруу, анын сандык-сапаттык сакталуусун камсыз кылуу, ички базарлардагы нан азыктарына болгон бааны турукташтыруу, ошондой эле "Дан" мамлекеттик ишканасын колдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2007-2008-жылдардын түшүмүнөн 11,85 миң тонна азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгарсын жана "Дан" мамлекеттик ишканасынын, жана Баткен облусунун Кызыл Кыя шаарында жайгашкан "Дан" акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарында ун кылып тартсын;