Редакцияот 29.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 29-июлу № 319-б

2011 -жылдын 24-январында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз абалга келгендигине байланыштуу Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл округуна караштуу Чечме-Сай жалпы билим берүүчү мектебинин имаратынын ордуна жаңысын курууну жаңы окуу жылына карата бүтүрүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш жана оңдоо башкармалыгына (курулуштун заказчысына) Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл округундагы 320 окуучулук орундуу Чечме-Сай жалггы билим берүүчү мектебин долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен жүргүзүүгө уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган мектепти бир эле учурда долбоорлоого жана курууга белгиленген тартипте уруксат берсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев