Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 321-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругу менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- төмөнкү позициялар күчүн жоготту деп табылсын:
"Кант цемент заводу" ААКы" (Чүй облусу, ИНН № 00911199510157)";
"Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" ААКы" (Чүй облусу, ИНН№ 00112198910025)";
- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"ЭСК ЛТД" ЖЧК" (Ош облусу, ИНН № 00106200110049)".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда айтылган Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө расмий билдирсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |