Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 322-б
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин I бөлүгүнүн 230-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо, "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын туруктуу финансылык абалын кармоо максатында:
1. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы 2011-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө:
- белгиленген тартипте 2010-жыл үчүн финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган 6440300 (алты миллион төрт жүз кырк миң үч жүз) сом суммасындагы таза пайданы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсебине төлөөнү жүргүзсүн;
- белгиленген тартипте аванс төлөмдөрү катары мамлекеттик ишкананын банктык эсебиндеги акча каражаттарын жана дебитордук карыздарды өндүрүүнүн эсебинен 20 (жыйырма) миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын кийинки мезгилдердин пайдасынын эсебине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине которсун.
2. 446070 (төрт жүз кырк алты миң жетимиш) килограмм авиациялык отунду сатуудан түшкөн акча каражаты кийинки мезгилдердин пайдасы эсебине аванстык төлөмдөр катары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине которулууга тийиш экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын 6440300 (алты миллион төрт жүз кырк миң үч жүз) сом өлчөмүндөгү таза пайдасынын суммасын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине которсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |