Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 307-б
2010-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын натыйжасында зыянга учураган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 50 (элүү) миллион сомду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда айтылган, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөче кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |