Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-июлу № 315-б
Нарын облусунун Нарын шаарындагы "Мукаш-Ата" базарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында:
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын ишкерлерине келтирилген зыянды компенсациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн Нарын облусунун мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы Нарын облусунун Нарын шаарындагы "Мукаш-Ата" базарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча комиссияны мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен түзсүн.
3. Бул буйруктун 2-пунктунда аталган комиссия:
- "Мукаш-Ата" базарынын жабыр тарткан ишкерлеринин тизмесин түзсүн;
-"Мукаш-Ата" базарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын суммасын мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктасын;
- "Мукаш-Ата" базарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан ар бир ишкердин зыянын компенсациялоонун суммасы жөнүндө сунуштарды даярдасын жана киргизсин.
4. Акча каражаттарын бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын – губернаторунун милдетин аткаруучу Муратбеков Канатбек Камбарбековичке жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |