Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 2-июну N 43
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, N 6, 80-ст.) 18-статьясына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
статьянын "Ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо" деген аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо";
1-пунктунун биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Граждан өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу";
2-пунктунун биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш";
5 жана 6-пункттары төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган граждан, ошондой эле өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган юридикалык жак мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
6. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жайылткан адамды аныктоого мүмкүн болбосо, өзүнө карата мындай маалыматтар жайылтылган адам жайылтылган маалыматтарды чындыкка ылайык келбейт деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
1999-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган