КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 12-марты ПУ N 90 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдык жактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө Энергетика комплексин реформалоо мезгилинде республиканын калкындаректүүсоциалдык жактан коргоонун кошумча чараларын турмушка ашыруумаксатында токтом кылам: 1. Керектөөнүн гарантияланган минималдуу дењгээлин 20 проценткежогорулатуу жолу менен 2001-жылдын 1-апрелинен тартып аз камсыз болгонүй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик пособиелердин өлчөмүжогорулатылсын. 2. Энергия булактарына социалдык жактан корголгон тарифке укуктуужарандардын категориялары үчүн бир адамга кирешенин баштапкы дењгээли200 сомдон 300 сомго чейин көбөйтүлсүн. 3. 2001-жылдын 1-январына карата тузүлгөн орточо жылдык эмгекакынын өсүш дењгээлине пенсияны эсептөө үчүн эмгек акыга тузөтүүкоэффициенттерин жогорулатуу жолу менен эмгек пенсиялары 2001-жылдын 1-июлунан тартып жогорулатылсын. 4. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы өтө татаал жаратылыш-климаттык шарттарда жашоого жана иштөөгө байланыштуу жењилдиктергеукуктуу жарандар үчүн жылытуунун жењилдетилген мезгили 7 ай – 1-октябрдан тартып 30-апрелге чейин деп белгиленсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ар айдагы социалдык пособиелердин өлчөмүн 2001-жылдын 1-январынан тартып 50 процентке жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн; - мыйзам актыларына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна койсун; - өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин; энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдыкжактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө жалпыга маалымдоокаражаттарына кењири түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзсүн. 6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Премьер-министри К.С.Бакиевге жүктөлсүн. 7. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев