Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 441-б
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имараттарын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резиденциясынын объекттерин өрттөн коргоону уюштурсун;
- 2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бюджетинде жогоруда аталган администрациялык имараттарды өрттөн коргоого чыгымдарды карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу чыгымдарды каржылоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин тиешелүү финансы жылына каралган чыгымдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |