Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 442-б
Баткен облусунда 2011-жылдын 20-июлунда болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү жана турак-жайды, ошондой эле социалдык-маданий, тиричилик арналыштагы объекттерин жана инженердик инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жана Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2011-жылдын 20-сентябрына чейин:
- жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн санын, социалдык-маданий арналыштагы объекттеринин жана инженердик коммуникациялардын сметалык наркын аныктасын;
- жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан турак-жай үйлөрүн, имараттарды жана курулмаларды, инженердик инфраструктуранын объекттерин оперативдик текшерүүнү камсыз кылсын жана тиешелүү корутундуларды берсин;
- авариялык деп табылган же капиталдык оңдоону талап кылган, жабыр тарткан социалдык-маданий арналыштагы объекттердин тизмесин берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен облусунун калкына жардам көрсөтүү боюнча биринчи кезектеги милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин берген сметалык эсептөөлөрү боюнча каржылоону 2011-жылдын 20-сентябрына чейин толук көлөмдө төмөнкүдөй камсыз кылсын:
- 2011-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу курулуштардын жана объекттердин тизмесине жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан объекттерди долбоорлоону, курууну жана капиталдык оңдоону киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуштун кыргыз илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун ишин каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тизмесине жер титирөөнүн кесепетинен зыян тарткан деп киргизилген, Кадамжай районунун мектептерин жана Кызыл-Кыя шаарынын № 1 мектебинин спорт залын жана окуу класстарын капиталдык оңдоону аяктасын;
- Кадамжай районунун Кадамжай поселогундагы 40 квартиралык турак үйдүн долбоорун 2011-жылдын 15-сентябрына чейин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берилген тизмелер боюнча Кадамжай районунун Кадамжай поселогунун көп квартиралык 5 турак үйүнүн жашоочулары - 67 үй-бүлөгө узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуданы берүү маселесин 2011-жылдын 25-сентябрына чейин чечсин;
- жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Кадамжай районундагы социалдык-маданий объекттерди (райондук оорукананы, төрөт үйүн ж.б.), ошондой эле Баткен облусундагы жабыр тарткан башка социалдык объекттерди капиталдык оңдоо жана тиешелүү түргө келтирүү боюнча иштерди 2011-жылдын 1-октябрына чейин аяктасын;
- Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйдүн тамак-аш блогунун курулмасын, стерилдештирүү жана кир жуучу бөлүмдөрүн долбоорлоо жана куруу боюнча ишти 2011-жылдын 15-ноябрына чейин аяктасын;
- 600 окуучу орундуу мектептин курулушун Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2011-жылдын 1-ноябрына чейин аяктасын;
- Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте 2011-жылдын 1-ноябрына чейин аяктасын;
- Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чек айылындагы Каримбеков атындагы мектепти долбоорлоо боюнча иштерди 2011-жылдын 1-ноябрына чейин аяктасын жана курулушту баштасын;
- Баткен облусунун медициналык мекемелеринин объекттерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жана абаттоону долбоорлоо-сметалык документтерге ылайык 2011-жылдын 1-декабрына чейин аяктасын;
- имараттарды, курулмаларды жана инженердик инфраструктура объекттерин тургузуунун сапатын контролдоону камсыз кылсын;
- жабыр тарткан калкка процентсиз узак мөөнөттүү ссуда берүүнү жана анын кайтарылышын контролдосун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан имараттарды, курулмаларды жана инженердик инфраструктуранын объекттерин долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу методу менен сатып алууга уруксат берилсин.
5. Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу социалдык-тиричилик, маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик инфраструктураны долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоо боюнча заказ берүүчү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Жарандык-турак-жай курулушу департаменти аныкталсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |