Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 445-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагынын автомобиль жолдорунун абалын жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ыкчам башкаруу укугу менен:
- Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагынын У.Салиева атындагы узундугу 3,0 км көчөсүн (мындан ары - көчө) балансына кабыл алсын;
- республикалык бюджетте учурдагы жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде аны капиталдык ремонттоону жана кармоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган көчөнү капиталдык ремонттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 11860000 (он бир миллион сегиз жүз алтымыш миң) сом бөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |