Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 447-б
Чернобыль АЭСиндеги кыйроого байланышкан проблемалар боюнча Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларусь Республикасынын чернобыль уюмдарынын жана «Союз Чернобыль» эл аралык уюмунун жетекчилеринин катышуусунда эл аралык «тегерек стол» өткөрүү максатында:
1. Эл аралык «тегерек столду» даярдоо жана өткөрүү боюнча, уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Темиралиев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | |
Бийбосунов Р.М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги департаментинин директору;
|
Жаналиев Т.Н. | - Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Жекшенов Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин статс-катчысы;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Мамбетов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Эшалиев Т.М. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Сасыкулов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын «Союз Чернобыль» ардагерлер жана майыптар» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча). |
2. Эл аралык «тегерек столду» даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө:
- уюштуруу иш-чаралар планын иштеп чыксын жана аларды ишке ашырууга жооптуу адамдарды аныктасын;
- эл аралык «тегерек столдун» катышуучуларынын тизмесин түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын «Союз Чернобыль» ардагерлер жана майыптар» коомдук бирикмесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан эл аралык «тегерек столду» уюштуруу жана өткөрүү үчүн 710 (жети жүз он) миң сом суммасындагы акча каражатын бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 30-мартындагы № 118 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |