Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 451-б
Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2011-жылдын 27-30-октябрында омбудсмендердин жана адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн IV Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүүгө финансылык жардам көрсөтүү максатында:
1. Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2011-жылдын 27-30-октябрында омбудсмендердин жана адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн IV Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |