Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 453-б
Нарын облусунун Ат-Башы районунун айыл аймактарынын жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун жана көчөлөрүнүн абалын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолун реабилитациялоо процессинде демонтаждалган 80 (сексен) даана темир-бетон түтүктөрдү Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын балансына акысыз негизде белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы жогоруда аталган темир-бетон түтүктөрдү кийин жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун ремонттоодо пайдалануу үчүн балансына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |