Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 457-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 28-29-сентябрында өтө турган Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өнүгүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда бекитилсин:
Муканбетов С.Т.
| - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, делегация жетекчиси. |
Делегация мүчөлөрү:
Абдыгулов Т.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Дүйшеев Н.А.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы;
|
Сүйүмбаева П.У.
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Байгончоков М.К.
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Калмамбетов А.И.
| - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
|
Касымалиев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
|
Мамбетаипов К.М.
| - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
|
Мамбеталиева Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Примов А.А.
| - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
|
Сосницкая Л.А.
| - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;
|
Чокоев З.Л.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Токтомушев К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү департаментинин директору;
|
Чолпонкулов Т.А.
| - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
|
Ахматов С.М.
| - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
|
Тургунбаев Ж.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз почтосу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Малабаев А.Д.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Бит-Аврагим Е.И.
| - «РСК Банк» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Ашимов Т.К.
| - Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдери улуттук союзунун президенти (макулдашуу боюнча). |
2. Делегациянын жетекчисине өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |