Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 459-б
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 2011-жылдагы түшүмдөн аштык буудайды керектүү өлчөмдө камдоо максатында:
1. "Кыргыз агрардык азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна өзүнүн жүгүртүүдөгү каражатынын өлчөмүнүн чегинде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу сунушталсын:
- аштык буудайды 10 миң тоннага чейин өлчөмдө ата мекендик айыл чарбалык өндүрүүчүлөрдөн гана сатып алууну камсыздоо;
- аштык буудай сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүү;
- аштык буудайды сактоо үчүн республиканын бардык аймактарында тийиштүү инфраструктурасы бар ири даярдоо пункттарын уюштуруу.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар "Кыргыз агрардык азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна аштык буудай сатып алууга көмөк көрсөтүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |